08:05, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

UFC: Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингине кошулду

На русском
18:11, 16 бугу айы 2019 51

Баракелде -  Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко UFC уюмундагы мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын рейтингине кошулду. Мушкерлердин тизмесин аталган уюмдун сайтынан көрүүгө болот.

31 жаштагы Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде 14-орунду ээледи. Биринчи жолу рейтингге минималдуу салмакта америкалык Роуз Намаюнаска каршы беттешип, чемпион наамын жеңип алган Жессика Андраде (15-орун) илинген.

2018-жылдын 9-декабрында Канада өлкөсүндө болгон турнирде Валентина Шевченко поляк Йоанн Еджейчикти утуп, жеңил салмактагы чемпиондук курун тагынган.

UFC уюмунун башкы рейтингин оор салмак арасында чемпион аталган америкалык мушкер Даниел Кормье ээлейт. Ал эми экинчи орунга орто салмактагы чемпиондук курдун ээси Жон Жонс илинди. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов үчүнчү орунду алды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком