08:01, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Жергиликтүү кеңештин төрагасы изделип жатат

На русском
17:49, 16 бугу айы 2019 290
Кыдырбек Айбалаев
Кыдырбек Айбалаев
// Turmush

Баракелде -  Аймактык кеңештин төрагасы Айбалаев Кыдырбек Каримовичке карата издөө жарыяланды. Бул маалыматты бүгүн, 16-майда «Баракелдеге» Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Борбордогу Октябрь РИИБ Жазык кодексиндеги 266-берененин 1-2-пункттары (ээнбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу же коркутуу, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу, өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулук) менен козголгон ишти тергөөгө алган. Издөөдөгү К.Айбалаев 1985-жылы туулган, Баткендин Лейлек районундагы Арка айылынын тургуну экени белгилүү.

Turmush басылмасы К.Айбалаев 2018-жылдын декабрь айында Лейлектеги Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланганын жазган.

Ички иштер министрлиги буга чейин жарыялаган расмий маалымат боюнча, Баткен облусунун тургуну Б.А. 2018-жылдын сентябрь айында укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, кечкисин телефон чалган тааныштары «Вефа Центр» соода борборунун жанына жолугушууга чакырышкан. Ал жерден тосуп алган 3 адам (тааныштары) ээн жерге алып барышып, арматура менен сабашканын айткан. Андан жаракат алып, аймактык ооруканада дарыланып чыккан.

Бирок алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу арызынан баш тарткан. Жаңы кодекстер күчүнө киргенде, тактап айтканда 2019-жылдын февраль айында жабырлануучу Б.А. Бишкек ШИИБдин тергөөчүлөрүнө кайрадан кайрылып, 2018-жылдын күзүндө кол салган адамдар коркутуп-үркүткөндүктөн гана арыздан баш тартууга мажбур болгонун айткан.

Мындан кийин — 2019-жылдын февраль айында Бишкектеги тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Баткенден 2 шектүүнү кармап келишкен. Алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты (К.Айбалаев тууралуу) болчу. Ал эми Свердлов райондук сотунун судьясы шектүүлөрдү үй камагына чыгарган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком