18:49, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Париждин башкы символу — Эйфель мунарасы тууралуу кызыктар

На русском
17:25, 16 бугу айы 2019 126
Эйфель мунарасы
Эйфель мунарасы

Баракелде -  Францияда 130 жыл мурун, тактап айтканда 1889-жылы 15-майда Эйфель мунарасы ачылган. Кечээ өлкөнүн башкы символу болгон мунаранын кезектеги мааракеси белгиленип, концерт менен коштолду.

Мааракеге карата өзгөчө 12 мүнөттүк шоу уюштурулду.

Париждин борборундагы металл мунара эң таанымал архитектуралык курулуш — Франциянын символу болуп саналат. Француз революциясынын жүз жылдыгына арналып 1889-жылы курулган. Башында Париждеги бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө кирүүчү арка катары гана кызмат кылган. Мунара архитектор Александр Гюстав Эйфелдин урматына аталган. Ал бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Мунара тууралуу кызыктуу фактылар:

- 1 жылда мунараны көрүү үчүн 7 млн турист барат, айрым учурларда күнүнө 30 миң адамга чейин кабыл алат. Мунарага кирүүнү каалагандарга билет басып чыгаруу үчүн 2 тоннадан кем эмес кагаз керек;

- мунараны тазалоо үчүн жылына жүздөгөн литр каражат жана 25 миңдей таштанды баштыгы керектелет;

- 7 жыл сайын боёлуп, бул иштерге 25 жумушчу тартылып, 4 млн евродой каражат жумшалат;

- мунарада кайгылуу окуялар да болгон. Тосмолорго карабай Париждеги эң бийик курулуштан боюн таштаган адамдар болгон. Мунарада 1998-жылы 15-июнда биринчи жолу адам өмүрү кыйылса, өлүмгө байланыштуу акыркы окуя 2012-жылы 25-июнда катталган.

- мунарага өзгөчө «турист» кирип көргөн. Ал — 85 жаштагы пил, жаныбарды цирктин жетекчиси өзү менен кошо алып барган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком