04:02, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Мен типтирүүмүн»: Депутат З.Рысалиев интернетке тараган маалыматты четке какты

На русском
15:02, 16 бугу айы 2019 652
Зарылбек Рысалиев парламенттин 16-майдагы отурумунда
Зарылбек Рысалиев парламенттин 16-майдагы отурумунда

Баракелде -  Депутат Зарылбек Рысалиев («Республика—Ата Журт») бүгүн, 16-майда парламенттин отурумунда жалпыга маалымдоо каражаттарына өзү тууралуу жарыяланган маалыматты четке какты.

Эл өкүлү: «Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, азыр интернет сайттарда маалымат кетип жатат: "Рысалиевдин жүрөгү кармап, жаман болуп жатыптыр" деп. Мына мен бул жерде жапжакшынакай эле турам, типтирүүмүн.

"Допроско" (суракка) барган эмесмин. Жүрөгүм кармап, өлүп кала турган жөнөкөй киши эмесмин, айланып кетейиндер. Элге туура кабар берсеңиздер. Типтирүүмүн, отуруп-тур десеңиздер отуруп-турайын, отжимание кыл десеңиздер отжимание кылайын, эмне кыл десеңер кылып берейин. Уят да, ушундай маалымат жөнөткөн», - деди.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Зарылбек Рысалиевди анын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев менен беттештирүүгө (сурактын бир түрү) чакырышканы, сурак учурунда анын жүрөгү кармап, өзүн жаман сезгени тууралуу маалымат жарыяланган.

---------------------------------------------------------------------------

ИИМ тараткан билдирүүдө: «Мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды.

Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А.Батукаевге “курч миелобласттуу лейкоз (М2-вариант)” диагносун коюп, аны тактоочу далилдер жасалма даярдалган.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ А.Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкоз (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э. жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү деп аныкталган. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу чарасы тандалган.

А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен ЖАМКтын медициналык жумушчусу Ф.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Б.К. жана А.А. аттуу шектүүлөргө карата сот тарабынан сыртка чыкпоо бөгөт чарасы, А.Ф. аттуу шектүүгө карата 2 айга камакка алуу чарасы тандалды.

Андан сырткары, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалды. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар коррупцияга, документтерди жасоо иштерине катышууга жана кызматтык жасалмалуулукка айыпталууда.

Кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком