16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Өкмөт башчы М.Абылгазиев өз ыктыяры менен отставкага кетиши керек

На русском
14:11, 16 бугу айы 2019 350
Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты
Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын мурунку башчысы Идрис Кадыркуловдун жолун жолдоп, өз ыктыяры менен отставкага кетиши керек. Мындай пикирди бүгүн, 16-майда депутат Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») билдирди.

Анын айтымында, бардыгы өкмөттүн отчету Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбековдун билдирүүсү жана колдоосунан кийин канааттандырылганын билет.

«Президент дайыма үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербей турганын айтат. Бул жерде анын капталында үй-бүлөлүк кландык башкаруу болуп жатат», - деди ал.

Шыкмаматовдун пикири боюнча, Абылгазиевдин жээнинин кызматтан бошотулушу маселени чечпейт, маселенин кесепетин жана абалды өзгөртпөйт.

«Бүгүн "КТ Мобайлды" изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын курамы аныкталат. Биз 168 млн сомдук биринчи транш "Альфа Телекомдон" "КТ Мобайлга" кантип жумшалганы боюнча Эсептөө палатасынын документтерин күтүп жатабыз», - деди ал.

----------------------------------------------------------------------

Депутат Жанар Акаев парламенттин кечээ, 15-майдагы отурумунда «КТ Мобайлдын» башында өкмөт башчынын жакын туугандары, бажалары турганы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Кийинчерээк өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: «Биз "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экенин тастыктайбыз. Анын уулу Эрназар "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары экенин М.Абылгазиев билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы ал (Эрназар) кызматынан кетиши керек деп эсептейт», - деп айтылат.

Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» ЖЧКнын директорунун орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулганын бүгүн, 16-майда компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком