18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык атаандашына утулган россиялык мушкер нааразы болду

На русском
13:21, 16 бугу айы 2019 189
Расул Мансуров
Расул Мансуров

Баракелде -  Күрөштүн аралаш түрү боюнча россиялык мушкер Ризван Симбагаев кыргызстандык Расул Мансуровго каршы чыккан мушташынын жыйынтыгына нааразы болду.

30-апрелде Alashe Pride & JFC турнири Казакстандын Алмата шаарында болуп өткөн. Мушташтын биринчи раундунда Мансуров атаандашы Симбагаевдин мурдун сындырып салган. Анын кесепетинен Симбагаевдин мурду канаган.

Ал эми 2-раунддун бүтөрүнө 22 секунд калганда судья мушташты токтотуп, дарыгерди чакырган. Дарыгер мушташты улантуу мүмкүн эместигин билдирген. Андан кийин кыргызстандык мушкер Мансуровдун техникалык нокауту эске алынып, ага жеңиш ыйгарылган.

Мушташтын жыйынтыгына россиялык команда нааразы болгон.

«Эмнеге судья раунд аягына чыга электе дарыгерди чакырып, Симбаевдин жаракатын аныктоо үчүн ага жетиштүү убакыт берген жок. Эмнеге мындай шашылыш болду?», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле россиялык мушкердин «Ferrum» клубу мушташты токтотууга чечим чыгарган дарыгер спорттук дарыгер эмес, тез жардам кызматынын кызматкери экенин айтышкан. Мындан тышкары дарыгерге судья тарабынан басым болуп, мушташтын жыйынтыгы башкы судьянын макулдугусуз чыкканын айтып нааразы болушкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком