18:51, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан Кытайга кургак сүт экспорттоп баштайт

На русском
21:34, 16 бугу айы 2019 105
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жакында Кыргызстан менен Кытай кургак сүт жана бал экспорттоо боюнча 2 протоколго кол коет. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калыс Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасына кой этин экспорттоо боюнча 4 протокол даярдалууда.

«Россияга эт экспорттоо боюнча келишим түзүлүп жатат. Учурда этти экспорттоодо тоскоолдуктар жок, бул биздин ишкерлерден көз каранды. Ири мүйүздүү малдын идентификациясы жыйынтыкталды. 1700 баш ири мүйүздүү мал бирдиктүү базага киргизилди. Маалымат базасы бардык мамлекеттик органдарга жеткиликтүү. Учурда чочколор идентификацияланып жатат, күзүндө койлорду идентификациялоо башталат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком