16:21, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат И.Раззаковдун кызы тууралуу: Жашоосу өтө оор экен, боорум ооруду

На русском
11:23, 16 бугу айы 2019 308
А.Атамбаев жана Э.Раззакова, орден тапшыруу учурунда // 2016-жыл
А.Атамбаев жана Э.Раззакова, орден тапшыруу учурунда // 2016-жыл

Баракелде -  Исхак Раззаковдун учурда Россияда жашап жаткан кызы Элмира Исхаковна жардамга муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламенттин бүгүн, 16-майдагы отурумунда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып жатып билдирди.

«Жакында Москва шаарында иш сапар менен болуп, улуу жетекчибиз Исхак Раззаковдун кызы Элмира Исхаковна менен өзүнүн үйүндө жолугуштум. Мамлекетибизди турукташтырууга жана өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп кеткен улуу инсаныбыздын кызынын жашоосу өтө оор экен. Мындай айтканда, боорум ооруду. Мамлекет тарабынан, өкмөт тарабынан ошондой инсаныбыздын кызына кош көңүл мамиле кылган туура эмес», - деди депутат.

Анын айтымында, Элмира Раззакова 72 жашта. Депутат өкмөттү ага кам көрүүгө чакырды.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Исхак Раззаковго «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын көзү өткөндөн кийин тапшыруу тууралуу жарлык чыгарып, орденди кызы Элмира Раззаковага 2016-жылдын 11-октябрында тапшырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком