03:15, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Гандболчу Талант Дүйшөбаев «2019-жылдын мыкты машыктыруучусу» наамына талапкер

На русском
10:03, 16 бугу айы 2019 160
Талант Дуйшебаев
Талант Дуйшебаев

Баракелде -  Польша өлкөсүнүн гандбол боюнча «Виве Кельце» клубунун машыктыруучусу — кыргызстандык Талант Дүйшөбаев гандбол боюнча 2018-2019-жылдагы Польша чемпионатынын мыкты машыктыруучусу наамына талапкер болду.

14-майда «Гладиаторлор-2019» наамына талапкерлер белгилүү болгон.

Талант Дүйшөбаев менен бирге «2019-жылдын мыкты машыктыруучусу» наамына «Гвардия Ополе» клубунун машыктыруучусу Рафал Куптел жана «Квиздин» клубунун машыктыруучусу Томаш Штбал ат салышат.

FINAŁY-kapituła-nominowani-trener-sezonu-1080x1080-1024x1024

Буга чейин Талант Дүйшөбаевдин командасы гандбол боюнча Польшанын Кубогун жеңип алган. Финалдык беттеш «Вива Кильце» жана «Висла» командаларынын ортосунда 12-майда Познань шаарында болгон.

Жыйынтык 26:25 жана «Вива Кильце» командасы Польшанын Кубогун 16-жолу ээлеген.

Талант Дүйшөбаевдин уулу Алекс бул матчта толук ойносо, кичүүсү Даниэл катышкан эмес.

-------------------------------------------------

Ал эми 2019-жылдын 12-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшөбаев менен жолугушкан. Мамлекет башчысы Талант Дүйшөбаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирген болчу.

«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком