18:46, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө барат

08:53, 16 бугу айы 2019 426
Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн аймактарына болгон иш сапары Ысык-Көл облусунда уланат. Бүгүн, 16-майда анын 2 күндүк иш сапары баштала турганын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында өлкө башчы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы фермердик чарбага, Түп райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барышы күтүлүп жатат. Ошондой эле Түп районунун тургундары менен жолугушат.

Эртең, 17-майда Балыкчы шаарындагы орто мектепке барып, шаардын тургундары менен жолугушуусу пландалган. Анын жүрүшүндө Балыкчы шаардык мэриясынын «Акылдуу шаар» жана башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Turmush басылмасы Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 14-майда өтүп, 2 талапкердин ичинен 26 жаштагы Марат Кудайбергенов жеңишке жетишкенин жарыялаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком