08:02, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

41 адам өрттөнгөн авиакырсык: Москвадагы аэропорттон жаңы видео

На русском
08:14, 16 бугу айы 2019 1935

Баракелде -  Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортунда 41 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу жаңы видеону НТВ басылмасы жарыялады.

Россиянын тергөө комитети Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортунда болгон учак кырсыктын болжолдуу себебин атаган. Маалымат боюнча, учкучтардын, диспетчерлердин, борттун техникалык абалын текшерген кызматкерлердин тажрыйбасыздыгы, аба ырайы жана техникалык бузулуу кырсыкка себеп болгон.

Тергөөчүлөр учкучтар менен диспетчерлердин сүйлөшүүсү жазылган атайын жабдыкты, ошондой эле камерага түшкөн видеону, күйүүчү майдын үлгүсүн алышты.

Учак 5-майда саат 18:02де Москва шаарынан Мурманскты көздөй чыккан. Бирок техникалык себептерге байланыштуу учуп чыккан аэропортко кайра кайтып, жерге конгону жатканда өрттөнгөн. Лайнерде жалпы 78 адам болсо, алардын арасында өспүрүмдөр да бар. Ал эми беш адам экипаждын мүчөлөрү болгон. Учак жерге конгондон кийин 33 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү эвакуацияланган.

Кырсыкка кабылган учактын ичинен 41 адамдын өрттөнгөн денесин алып чыгышты. Каза болгондордун өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертиза дайындалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком