23:33, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 202098 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201344 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020129 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Ташкенттик аял акысыз батир алуу үчүн 2 манжасын кесип салган

На русском
18:05, Бугу айынын он беши, 2019 347
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Ташкент шаарында мамлекеттик администрациянын башчысы Жахонгир Артыкходжаев маек учурунда аял киши акысыз батир алуу үчүн эки манжасын кесип салганын айтып берди. Жергиликтүү чиновник менен «Alter Ego» долбоорунун кабарчысы маектешкен.

Ага жашоочулар өздөрүнүн көйгөйүн чечүү үчүн кандай өзгөчө ыкмаларды колдонору тууралуу суроо берилген. Жетекчи анын кабылдамасына келип, акысыз батир бөлүп берүүнү сураган аялдын окуясын мисал келтирди. Ал аялды акысыз батир майып жана аз камсыз болгон адамдарга гана бериле турганын айтып узаткан.

«Бир жумадан кийин аталган аял келип, кайрадан батир талап кылды. Ал үйүнө барып, эки манжасын кесип салыптыр. Андан кийин колун ороп келип, майып болуп калганын айтып, батир берүүнү суранды», - деген чиновник бул окуяга абдан таң калганын белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком