18:54, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Депутат: Идрис Кадыркуловдун отставкасы — бардык чиновниктер үчүн үлгү

На русском
17:03, 15 бугу айы 2019 212
Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

Баракелде -  УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов өз убагында отставкага кетти. Мындай пикирди АКИpress агенттигине депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») билдирди.

Анын айтымында, президент анын отставкасын кабыл алуу менен туура кадам жасады.

«Паспорттук маселе резонанстуу болгонун эске алуу менен Алина Шаикованын маегинен кийин… Коомчулук бул маселеге көңүл буруп баштады деп ойлойм», - деди депутат.

Эл өкүлүнүн пикири боюнча, Кадыркуловдун отставкасы — бардык чиновниктер үчүн үлгү, мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай маселелер сыртка, коомдук талкууга чыгарылса болот.

«Биз бардык нерсе ачык, тунук болгон коомдо жашап жатабыз. Бардык чиновниктер ачык жана чынчыл болуп, өзүнүн гана функционалдык милдеттерин аткарышы керек деп ойлойм», - деди ал.

Идрис Кадыркулов бүгүн, 15 майда отставкасын жарыялап, президент Сооронбай Жээнбеков аны ээлеген кызматынан бошотту.

------------------------------------------------------------

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде өткөн жылдын аягында Кадыркулов аны жана Дастан Догоевди «Фрунзе» ресторанына жолугушууга чакырганын билдирген.

«Ал бизди документтердин бланкын жасаган европалык компаниянын өкүлдөрү — эки ишкер менен тааныштырган. Сөз биометрикалык паспортторду жасоо жана мамлекеттик маанидеги башка документтер тууралуу болгон», - деген ал.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан өкмөткө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев кармалганы маалым болуп, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» ишканасынын камакка алынган 3 кызматкеринин баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту 17-апрелде кечинде карап, үчөөнү тең 2019-жылдын 15-июнуна чейин камоо чечимин чыгарган болчу. 26-апрелде алардын ичинен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Руслан Сарыбаев, 13-майда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком