18:47, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Европа Кубогуна Кыргызстандан кайсы дзюдочулар барат? (тизме)

На русском
21:15, 15 бугу айы 2019 140
Бектур Рысмамбетов
Бектур Рысмамбетов

Баракелде -  Дзюдо боюнча Европа Кубогуна катыша турган Кыргызстан командасынын акыркы курамасы белгилүү болду.

18-19-майда Россиянын Оренбург шаарында дзюдо боюнча Европа Кубогунун кезектеги турнири болот.

Аталган турнирде эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпы 14 топтом медаль ойнотулат. Ошондой эле 24 өлкөнүн 339 спорчусу күч сынайт.

Кыргызстандан аталган турнирге машыктыруучу Таалайбек Дүйшөнбековдун астында 9 спортчу барат.

Кыргызстан командасынын курамасы:

60 килограммга чейин — Азамат Көчкөнбаев
66 килограммга чейин — Эртур Турдубаев, Байбол Саламат уулу, Эсен Мусаев, Канай Дүйшөнбеков
73 килограммга чейин — Бектур Рысмамбетов
90 килограммга чейин — Айбек Акимов
52 килограммга чейин — Жибек Сапарбеков
63 килограммга чейин — Таңсулуу Муратбекова
Машыктыруучу — Таалайбек Дүйшенбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком