18:53, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — ШКУга мүчө өлкөлөрдөгү алдыңкы айымдар Бишкекте жолугушту

На русском
16:26, 15 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 17:22, бугу айы 15 2019) 162

Баракелде -  Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн II аялдар форуму өттү. Аталган форумдун катышуучулары менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолукту. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү адамзаттын алдында экология, жакырлык, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындар маселеси сыяктуу жаңы чакырыктар келип чыкты. Ошондой эле глобалдаштыруу процесси улуттук өзүнчө бир маданиятты, каада-салттарды жана дүйнө элинин тилдерин сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

«Дүйнөлүк өнүгүүнүн бардык терс факторлору кырдаалга салмактуу баа берүүнү жана маселелерди чечүү үчүн ШКУ өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында күчтөрдү консолидациялоону талап кылат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү аялдардын тарыхый жана социалдык ролун белгилеп кетким келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу премьер-министр баса белгилегендей, Шанхай Кызматташтык Уюму коопсуздук, экономика, маданий жана гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө жемиштүү кызматташтыктын мисалы болуп саналат.

«Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт. Анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43 пайызы же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20 пайызын же 15 триллион долларды түзөт. Ал эми өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5 пайызга өсүүдө», – деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы ШКУга мүчө өлкөлөргө жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ал ошондой эле Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.

«Кыргызстандын аялдары коомубузда бардык мезгилдерде өзгөчө макамга ээ болуп келишкен. Алар бүгүнкү күнү да жаңы турмушту курууга көмөктөшүп жатышат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гендердик теңдик жана адам укуктары боюнча негизги эл аралык милдеттерди өзүнө алганы өбөлгө болду», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда өлкөдө гендердик саясаттын ар түрдүү багыттары боюнча көптөгөн аялдар жана гендердик уюмдар иштейт.

«Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылып жатат. 2018-жылдын ноябрында кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы бекитилген. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68 пайызын аялдар түзө тургандыгын эске алуу менен, аялдардын лидерлигин колдоо өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», – деди ал.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУ баш катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкаликова, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл Кытай аялдар федерациясынын төрайымынын орун басары Ся Цзе, Россия аялдар биримдигинин төрайымынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коомдук жана мамлекеттик ишмер аялдары жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком