18:47, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

3 млн сом карызы бар ишкананын жетекчиси Россиядан кармалды

16:00, 15 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 18:40, бугу айы 15 2019) 215

Баракелде -  Эл аралык издөөгө алынган Кыргызстандын 2 жараны Россиянын аймагынан кармалды. Бул иш Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ыкчам-издөө иш-чаралары ушул жылдын май айында Москва шаарынын аймагында жүргүзүлдү. Кармалган жарандардын бири — Ош облусундагы Өзгөн районунда 1988-жылы туулган С.Х. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 30-беренеси, 204-берененин 3-бөлүмү (аткезчилик), 247-берененин 2-3-бөлүмдөрүндө (баңги каражаттарын сатуу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектелип, 2015-жылы издөөгө алынган. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү боюнча маселелер чечилип жатат.

Экинчи шектүүгө карата Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 182-беренеси (жасалма ишкерлик), 203-беренеси (жасалма кредиттик же эсептик карталарды жана башка төлөм документтерин даярдоо) боюнча айып тагылып, издөөгө алынган. Бул шектүү жеке ишкананын жетекчиси болуп турганда, 2015-жылдын июлунан баштап 2016-жылдын декабрына чейин ири суммадагы салык жана камсыздандыруучу төлөмдөрдү төлөбөй качып жүргөн. Азыркы учурда ЖЧКнын карызы 3 000 000 сомду түзөт. Учурда аны Кыргызстанга кайтаруу маселеси чечилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком