10:51, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектин тургунун сабап, унаасын айдап качкан шектүүлөр кармалды

На русском
14:04, 15 бугу айы 2019 220
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Москва РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелип 2 адам кармалды. Алар 45 жаштагы кишини сабап, унаасын уурдап кетишкенин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну М.Б. арыз менен кайрылып, 10-майда саат 13:30 чамасында Александровка айылында аны арматура жана таш менен чаап, «Хонда» үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, колго түштү. Алар — Чүй облусунун 45 жаштагы тургуну Ю.И. жана 31 жаштагы Ю.А. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком