08:04, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Жөө күлүк Дарья Маслова: Жолдошум менен балык уулоого чыгып эс алам

На русском
22:09, 15 бугу айы 2019 44
Дарья Маслова
Дарья Маслова

Баракелде -  Азия оюндарынын, Ысык-Көл марафонунун жеңүүчүсү жана Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова кантип эс ала турганын айтып берди. Жөө күлүк кечээ, 14-майда жергиликтүү радиого маек берген.

Маслованын айтымында, ал клубдарга барбайт, ал эми киного кээ бирде барат.

«Бизге эс алууга эң көп бир жума берет. Бул учурда биз күн сайын 10-12 чакырым чуркашыбыз керек. Жолдошум менен балык уулоого чыгып эс алам. Өмүр бою балык уулап келем. Бизде Ысык-Көлдө балыктын түрлөрү бар. Агам экөөбүз эртең мененки саат төрттө туруп, сазга барып, кичинекей балыктарды кармачубуз. Козу карын чогултуу жана балык уулоо — мен үчүн эң жакшы эс алуу», - деди спортчу.

Буга чейин Дарья Маслова Ысык-Көл марафонундагы жеңишин жолдошуна арнаганын билдирген.

Маслова 42 чакырымды 2 саат 21 мүнөт жана 36 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынган.

«Өзүм көрсөткөн жыйынтыкка абдан канааттандым. Муну менен үчүнчү жолу марафондук аралыкка чуркадым, буга чейин Кытайда эки ирет чуркагам. Ысык-Көлдө жол абдан оор, көтөрүлүп жана кайра түшөсүң. Бул биринчиден. Экинчиден — бийиктик. Бул да абдан оор.

Чуркоонун алдында эч кандай жыйынтык күткөн эмесмин, машыгып жаткандай эле чуркагам. Мындай жеңиштер эмгек аркылуу келет. Машыктыруучуларым стартка даярдашты. Алар менин абалымды билишет. Бул марафон машыгуу сыяктуу эле болду.

Жеңишимди мени айлап күтүп жана ишенген жолдошума, ошондой эле жакындарыма жана машыктыруучуларыма арнайм», - дген Маслова фиништен кийин.

-----------------------------------------------------------------------------

Жөө күлүк Дарья Маслова эки жыл катары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон. Кыргызстан, Эфиопия, Өзбекстан, Кения, Тажикстан, Америка жана Россиянын спортчуларынын арасынан Маслова биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал 21 км 97,5 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өткөн. Д.Маслова эфиопиялык жөө күлүктөн 1 мүнөт 54 секунга, ал эми өзбекстандык спортчудан 4 мүнөткө оозуп чыккан болчу.

2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком