16:30, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мурунку саламаттыкты сактоо министри камакка алынды

На русском
11:02, 15 бугу айы 2019 1445
Динара Сагинбаева
Динара Сагинбаева

Баракелде -  Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды. Аны милиция кызматкерлери Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармашкан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болду.

Кечээ, 14-майда Д.Сагинбаева аталган ишке байланыштуу суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча 5 дарыгер кармалып, алардын үчөө СИЗО-1 мекемесине киргизилген болчу.

-------------------------------------------------

Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин жаза мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин биринчи орун басары Бекмамат уулу Темирбек билдирген.

Кылмыш иш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тергөөгө жөнөтүлгөн. Ал парламенттик комиссиянын корутундусунун негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин (мурунку редакция) 304-беренеси боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон.

«Кылмыш иш фактынын негизинде, медициналык корутундулардын бири-бирине каршы болуп жатканына байланыштуу козголгон. Эгер аны бошотуу үчүн жасалма факт колдонулганы аныкталса, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат», - деген Бекмамат уулу Темирбек.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком