01:40, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов отставкага кетти

На русском
10:21, 15 бугу айы 2019 357
Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Идрис Кадыркулов отставкасын жарыялады. Тиешелүү билдирүүнү УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Идрис Кадыркуловдун билдирүүсүндө: «Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында УКМКнын органдары тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык паспортторго бланк сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки материалдар объективдүү каралбай жатканы жана менин бул ишке кызыкчылыгым бар экени тууралуу айтылып, катуу талкууланып жатат. Мамлекеттик комитет тарабынан аталган материалдар, Мамкаттоонун кызматкерлери кызматын мыйзамсыз колдонгону боюнча далилдер базасы бар экени тууралуу бир нече жолу маалымат берилген. Муну менен катар эле аталган тема коомчулукта абдан талкууга алынды.

Аталган жагдайларды, анын ичинде коомдук резонансты эске алуу менен, ошондой эле менин тергөөгө таасирим тууралуу ойлорду жок кылуу үчүн УКМКнын төрагасы кызматынан отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Бул тууралуу президент — Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысына рапорт берилди», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком