03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Америкадагы мечитти өрттөп кетишти. Шектүүлөрдү табууга жардам бергендер 2,5 миң доллар алат

На русском
09:53, 15 бугу айы 2019 88
Өрттөлгөн мечит
Өрттөлгөн мечит

Баракелде -  Американын Коннектикут штатынын Нью-Хейвен шаарындагы мечиттен өрт чыкты. Полиция кызматкерлеринин айтымында, белгисиз адамдар мечитке өрт коюшкан.

«Associated Press» басылмасы шаардын мэри Тони Харпга шилтеме берүү менен имараттын ичинен өрт тутанта турган каражат табылганын маалымдады. Өрттүн кесепетинен чоң өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирилген. Өрттүн очогу мечиттин кире беришинде жайгашып, бирок өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин жалын үчүнчү кабатка чейин көтөрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик тергөө ишин баштады. Шектүүлөрдү издөөгө жардам берген адамдар 2,5 миң доллар сыйлык алат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком