08:03, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

«Кайра тарбиялоочу лагерге түшкөн эмесмин»: Тургунаалы Жусуп Мамай Кыргызстанга келди

09:45, 15 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 10:46, бугу айы 15 2019) 1425

Баракелде -  Манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы уулу (документтеги ысымы) Кыргызстанга келди. Ал учурда Бишкек шаарында экенин «Баракелдеге» билдирди.

Өзүнүн айтымында, 14-майда жогорку окуу жайдагы окуусуна байланыштуу келген. Ал Ж.Баласагын атындагы КУУда мөөнөтүнөн мурда сынактарын тапшыра баштайт. Буга чейин Кытайда дипломдук ишин жазып жүргөнүн айтты.

Тургунаалы Кыргызстандан 2018-жылдын күз айында Кытайга кетип, ал жактан сүйүктүүсүнө баш кошкон. Кытайдын Ак-Чий деген жеринде үйлөнгөнүн, жубайы мугалим экенин, ал эми өзү музейде эмгектенип жатканын кошумчалады. Аны менен катар манасчылардын жетекчиси болуп дайындалганын жана залкар манасчы Жусуп Мамайдын мураскери катары бекигенин айтат.

Тургунаалы алгач Кыргызстанга 2014-жылы билим алуу максатында келген. Ал «Манас» айтуудан сырткары кыргыз бийин чеберчилик менен бийлөө аркылуу элге тез эле таанылды. 2017-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктап, эки жылдык магистратурага кабыл алынган. Бирок 2018-жылы октябрь айында Кытайга кеткен бойдон келе элек болчу.

2019-жылдын апрель айында америкалык басылма Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жатып, жайкы эс алууга Кытайга кеткен кытайлык кыргыздар жөнүндө макала жарыялаган. Анда: «Кытайда жергиликтүү бийлик Тургунаалынын чоң атасынын китептерин конфискациялап, чөбөрөсү адабияттардын кайсы бир бөлүгүн сактап калууга үмүттөнгөн болушу мүмкүн», - деп жазган. Ошондой эле басылма Тургунаалы кайра тарбиялоочу лагерге түшүп калышы мүмкүн деп божомолдогон.

Бирок Тургунаалы бул маалыматтарга кошулбайт. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары такталбаган маалымат таратышканын айтып, бул боюнча кеңири маалымат берерин кошумчалады. Ал Кыргызстанда 1 ай убакыт жүрөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком