11:07, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча турнир өтөт

На русском
08:10, 15 бугу айы 2019 190
Кыргыз күрөш
Кыргыз күрөш

Баракелде -  Бишкек шаарында 28-май күнү Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анарбек Кыбраевдин байгесине арналган кыргыз күрөш боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирде 60, 74, 84 килограммга чейинки жана 84 килограммдан жогору салмактагы спортчулар арасында 4 топтом медаль ойнотулат.

Анаркул Кыбраев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал спорттук карьерасында кыргыз күрөшү боюнча 80ден ашык спорт чеберин, 3 эмгек сиңирген машыктыруучуну жана күрөш боюнча 3 дүйнө чемпионун машыктырган.

Анаркул Кыбраев XXII Олимпиада оюндарындагы марафондо коло байге алган Сатымкул Жуманазаровдун биринчи машыктыруучусу болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком