16:29, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Токмоктун тургуну баласына дары алуу үчүн дарыкананы тоногон

На русском
17:20, 14 бугу айы 2019 135
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Токмок шаардык соту Зайырбекке (К.З.К., аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Зайырбектин айтымында, 12-мартта анын балдары ооруп калып, дары сатып алуу үчүн акча издеп жөнөгөн. Көчөдөн тааныштарына жолугуп калып, алар менен чогуу сыра ичкен. Кеч киргенден кийин ал дарыканага кирип, акчасы жок экендигин айтып, дары сураганда сатуучу берген эмес. Эшикке чыгып, кайра дарыкана кирип, ичинде сатуучу жок болгондугунан пайдаланып кассадан акча алган. Эс алуучу бөлмөдөн дарыкананын сатуучусу чыга калганда аны түртүп жиберип, качып кеткен.

Кассадан 15 миң сомдой акча уурдап алган Зайырбек өзү милиция кызматкерлерине барып, кылмышын мойнуна алган. Учурда ал келтирилген чыгымды толуктап бергендигин айтып, жасаган кылмышы үчүн жабырлануучу менен соттон кечирим сураган.

Ал эми жабырлануучунун айтымында, ал Токмок шаарындагы дарыканалардын биринде иштейт. 12-мартта болжол менен саат 21:00 чамасында Зайырбек дарыканага барган. Ал баласынын ооруп жатканын, бирок дары алганга акчасы жок экендигин айтып, күрөөгө курткасын сунуштаган. Ал анын сунушуна макул болгон эмес. Зайырбек баласы стоматит (ооздун былжырлуу кабыгынын сезгенип оорушу) болуп жаткандыгын айтканда, ал дары берген. Андан кийин Зайырбек дарыкананын ичинде бир аз туруп, сыртка чыгып кеткен. Ал эми сатуучу бир нече убакыттан кийин эс алуу бөлмөсүнө кирген.

Бир аздан кийин дарыканага адам киргенинен чыгып, Зайырбекти көргөн. Ал кассадан акча алып качып кеткен. Кассада жалпы 25 миң сом бар болчу. Сотто жабырлануучу эч кандай жаракат албагандыгын айтып, айыпталуучуну кечирди.

Жыйынтыгында сот Зайырбекти күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал мамлекеттин пайдасына 70 миң сом өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттүү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком