16:26, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Министрлердин жолугушуусу: Кытай ИИМге техникалык жардам берүүнү пландап жатат (сүрөт)

На русском
14:55, 14 бугу айы 2019 109

Баракелде -  Бүгүн, 14-майда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөлөрү жана коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай тараптын делегациясынын курамында Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь, мамлекеттик кеңештин өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Мэн Ян, Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук иштери боюнча ыйгарым укуктуу адиси Чэнь Гопин, мамлекеттик коопсуздук министринин орун басары Дун Цзиньвей жана башкалар бар. Ал эми кыргыз тараптын делегациясын ички иштер министри — милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев жетектеп, курамына министрдин орун басарлары — милициянын генерал-майору Курсан Асанов, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери кирди.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу менен аны мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды. Ошондой эле кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү керектиги айтылды.

«Президент Соронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак — бир жол" экинчи форумуна катышуусунун алкагында өткөн жолугушуусу белгиленди. Аталган жолугушуу эки мамлекеттин ортосундагы жагымдуу мамилелер менен бардык багыттар боюнча бирдиктүү кызматташуудагы кызыкчылыктарды көрсөтүп, эки өлкөнүн президенттери тарабынан тапшырылган иштерди улантуу керектиги айтылды. Жолугушуу учурунда өз ара кызматташуулар бири-бирин сыйлоо жана ишеним көрсөтүү принцибинде негизделгендигин жана кыргыз-кытай мамилеси приоритеттүү багыттарда өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Эки өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө максатында мындан ары кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Маанилүү маселелерди талкуулоодон кийин протоколдорго кол коюу салтанаты өттү. ИИМ менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы "Кыргыз—кытай газ өткөрүү жолдорунун коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө" эки протоколго кол коюлду.

Кол коюлган протоколдордун бирин ишке ашыруунун алкагында Кытайдын өкмөтү менен Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз ИИМге 30 миллион юань суммасындагы жабдыктарды берүү пландалууда. Бул материалдык-техникалык жардамдар ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде ШКУ мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком