03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Музейдеги түн» 6 саатка созулат

На русском
20:29, 14 бугу айы 2019 78

Баракелде -  17-майда өлкөдө «Музейдеги түн» иш-чарасы өтөт. Бул иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда.

Уюштуруучулардын айтымында «Музейдеги түн» долбоорунун алкагындагы иш-чара бардык региондордо өткөрүлөт.

«Жыл сайын «Музейдеги түн» долбоору адамдардын кызыгуусун жаратып, эл күткөн маданий иш-чарага айланды. Ал эми 2018-жылдагы долбоорго 6 саат ичинде 6 облустан 35 миң адам күбө болгон», - деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоордун программасы жыл сайын элдин суроо-талабын эске алуу менен иштелип чыгат. Быйылкы иш-чарада атактуу эстрада ырчылары, башка өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу элчилери гид болушат.

Ошондой эле долбоордун алкагында:

- «Кино искусствосу»;
- «Театр искусствосу»;
- «Спорт искусствосу»;
- «Мода искусствосу»;
- «Жашоо маданияты»;
- «Сүрөтчүлөр аллеясы»;
- «Жазуучулар аллеясы»;
- «Устачылар аллеясы» уюштурулат.

Алты саат аралыгында 200дөн ашуун ар кандай тематикадагы, жанрдагы иш-чаралар белгилүү кесипкөй адистердин, эл аралык ареналарда, өлкөнүн маданий тармагынын сап башында турган сүрөтчүлөрдүн катышуусунда өтөт. Быйыл «Музейдеги түн» долбооруна 4 миңге жакын адам катыша турганы күтүлүүдө.

Бишкекте «Музейдеги түн» иш-чарасынын расмий ачылышы 17-майда саат 18:00дө Курманжан датканын эстелигинин жанында өтөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком