04:50, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ооз ачуудагы чыр: Түркиянын Тышкы иштер министрлиги элчинин позициясын колдойбу?

На русском
11:24, 14 бугу айы 2019 235

Баракелде -  Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы уюштурган ооз ачыруу иш-чарасында Түркиянын элчиси тарабынан болгон нааразычылык акыйкаттуу. Мындай маалымат Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун билдирүүсүндө айтылганын Түркиянын элчилиги таратты.

«Кыргызстандын муфтияты 8-майда уюштурган ооз ачыруу иш-чарасына ФЕТО/FETO уюмунун бул өлкөдөгү жетекчилиги кошо чакырылганы туура эмес. Бул иш-чарага чакырылган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси абалды байкап, өзүнүн акыйкат пикирин билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ФЕТО/FETO уюмунун чет өлкөлөрдөгү түзүмдөрү менен күрөшүү өлкөнүн алдыңкы приоритеттеринин бири экени Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылган.

---------------------------------------------------------

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айына карата уюштурган ооз ачыруу иш-чарасы нааразычылык менен коштолгон. Социалдык түйүндөрдө тараган видеодо Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат нааразы болуп, иш-чаранын аягына чыкпай кеткенин көрүүгө болот.

«Мен кеттим...

Рамазан айында террорчуну (Орхан Инан тууралуу), элчини да чакырасыздар. Анда кайдагы муфтият? 35 млн долларга мечит куруп берсек, террорчу менен бир катарга коет. ФЕТО террордук уюмунун башчысын мында кантип чакырдыңыздар? Айтып коёюн, Түркияны же террорчуларды тандайсыздар», - деп жолго чыккан элчинин артынан бир аздан кийин муфтий Максат Токтомушев чыгып, ресторандын ичине киргизүүгө аракет кылган.

Муфтияттын басма сөз кызматынын башчысы Максат Атабаевдин маалыматы боюнча, муфтий аракет кылганы менен элчи ооз ачууга катышпай кеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком