08:04, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Дональд Трамп Ак үйдө ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү (видео)

На русском
11:12, 14 бугу айы 2019 140
Дональд Трамп ооз ачыруу иш-чарасында
Дональд Трамп ооз ачыруу иш-чарасында

Баракелде -  Американын президенти Дональд Трамп кечээ, 13-майда Ак үйдө ооз ачыруу иш-чарасын өткөргөнүн жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Трамп: «Рамазан — АКШдагы жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн ыйык ай», - деди.

Муну менен Трамп Ак үйдө экинчи жолу ооз ачыруу иш-чарасын уюштурду.


«Франс-пресс» маалымат агенттиги маалымдагандай, 2018-жылы 6-июнда уюштурулган ооз ачыруу иш-чарасына 50гө жакын конок катышкан. Ага Сауд Арабиянын, Иорданиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Египеттин, Тунистин, Ирактын, Катардын, Бахрейндин, Марокконун, Алжирдин жана Ливиянын Вашингтондогу элчилери чакырылган.

Иш-чарада Трамп катышуучуларды жана дүйнөдөгү бардык мусулмандарды Рамазан айы менен куттуктаган. Ошондой эле ал АКШнын президенти катары биринчи чет элдик иш сапары Сауд Арабияга болгондугун белгилеген.

Буга чейин Трамп 2017-жылы салтка айланган ооз ачыруу иш-чарасын өткөрбөгөнү үчүн сынга алынган.

Америкада 3,5 млн мусулман жашайт, ал эми 2050-жылы АКШда ислам динин туткандар 8,1 млн адамга жетиши күтүлүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком