07:51, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ислам Каримовдун мурунку күзөтчүсү жаңы кызматка дайындалды

На русском
19:00, 13 бугу айы 2019 320
Ахат Насыров, бывший глава СБП Уз
Ахат Насыров, бывший глава СБП Уз

Баракелде -  Өзбекстан өлкөсүнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун башкы күзөтчүсү болуп көп жыл иштеген Ахат Насыров Өзбекстандагы күрөш искусствосун өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Sof.uz» басылмасы билдирди.

Ахат Насыров президенттин коопсуздук кызматынын башчысы болуп турганда дагы аталган борборду жетектеген. Ошондой эле басылма Ахат Насыров чыгыш күрөшүнүн чебери катары таанымал экендигин белгиледи.

Эми Ахат Насыров Өзбекстанда чыгыш күрөшүн өнүктүрүү жана эл аралык мелдештерди уюштуруу менен алектенет.

Ал бул кызматтан Ислам Каримовдун убагында бошотулган. Америкада жашаган өзбекстандык саясат таануучу Ташпулат Юлдашев маегинин биринде Насыровду: «Ислам Каримовдун эң ишенимдүү адамы», - деп атаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком