03:59, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түштүк Кореяда комуз чертип, «Кара жорго» бийлеген кыргызстандыктар (сүрөт)

На русском
17:14, 13 бугу айы 2019 75
Түштүк Кореядагы фестиваль
Түштүк Кореядагы фестиваль

Баракелде -  Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги кыргызстандык студенттер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен бирге «Global Ulsan 2019» фестивалына катышты. Фестиваль 11-12-май күндөрү өткөнүн элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарадагы конокторго Кыргызстандын жаратылышы, маданияты жана каада-салты тууралуу маалымат берилип, алар боорсок, чак-чак, экологиялык таза азыктар, тактап айтканда тоо балы, кургатылган жемиштер жана башка тамак-аштардан даам татышты. Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө Ульсан шаарынын жашоочулары боз үйдүн конструкторун курап, улуттук кийимдерди кийип көрүштү.

«Фестиваль ачылган күнү — 11-майда элчи Динара Кемелова менен Ульсан шаарынын мэри Сон Чхоль Хонун жолугушуусу фестивалдын башкы маданий экспонаты болгон боз үйдө өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдөгү, ошондой эле инвестиция, соода-экономика жана гуманитардык-маданий кызматташтыктагы маселелер талкууланды.

Фестивалда кыргызстандык студенттер жана активисттер комуз, ооз комуз чертип, "Кара жорго" бийлешти. Иш-чаранын экинчи күнүндө улуттук кийимдердин көргөзмөсү өтүп, кыргызстандыктар 3-орунду алды. Ал эми боз үй фестивалдын катышуучуларынын көңүлүн бурду», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком