03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Индонезияда шайлоо комиссиянын 496 кызматкери көз жумду

На русском
14:20, 13 бугу айы 2019 103

Баракелде -  Индонезия өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги шайлоодогу добуштар эсептелгенден кийин шайлоо комиссиясынын көпчүлүк кызматкерлери инсульт (кан айлануунун бузулушу) менен инфаркт (жүрөк оорусу) оорусунан каза болгондугун билдирди. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө 496 кызматкер көз жумган. Каза болгон 131 кызматкер Батыш Жаба аймагынан болушкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы каза болгон адамдардын болжолдуу жашы 50 жаштан 70 жашка чейин деп белгиледи. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы катчысы Оскар Примади кызматкерлердин өлүмү табигый болгондугун айтып, коомчулуктан бул маселе боюнча ар кайсы ойлордон алыс болууга чакырды.

Апрель айында Индонезия өлкөсүндө президентти, вице-президентти жана депутаттарды шайлоо болгон. Шайлоо комитети расмий жыйынтыкты 22-майда жарыялайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком