10:47, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте юрист эркек киши менен мушташып, мурдун сындырган

На русском
13:26, 13 бугу айы 2019 218

Баракелде -  Бишкек шаарынын соттук коллегиясы Абдыбекке (А.А.А., аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин сот аны актаган.

Айыпталуучу Абдыбектин айтымында, жабырлануучу экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болгон. Абдыбек «АКБ» ЖЧКнын өкүлү катары батирдин ээсине арызданган жарандын доо арызын кароодогу сотко катышкан. Жарандын ишин кароодо Анвар аны коркутуп, адепсиз сөздөрдү айткан.

2016-жылдын 24-майында болжол менен саат 12:30да досу менен борбордогу кафелердин бирине бара жаткан. Ошол учурда жабырлануучу Анвар унаасы менен өтүп бара жатып, унаанын айнегинен ага адепсиз сөздөрдү айтып кемсинткен. Анвар унаасын токтоткондо Абдыбек сүйлөшүү үчүн жанына басып барган. Анвар унаадан түшүп, анын көзүнө биринчи чаап жиберген. Абдыбек коргонуу үчүн Анвардын бетине чаап, жерге жыгылган. Ошондо Анвар анын үстүнө отуруп алып, сабап баштаган. Ал убакта экөөнү досу менен жабырлануучунун апасы ажыраткан.

Ал Биринчи май райондук сотунан чечимди өзгөртүүсүз калтырууну суранган болчу.

Ал эми жабырлануучунун айтымында, ошол күнү Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде юрист болуп иштеген Абдыбек себепсиз эле сабап, мурдун сындырып качып кеткен. Анын кесепетинен ал ооруканада дарыланып чыккан. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, мурду сынып, сол жаагы жана эки тизеси сыйрылган.

Жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком