08:02, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

Видео: Муфтияттын ооз ачыруу иш-чарасына Түркиянын элчиси катышпай кетип калды

10:31, 13 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 14:24, бугу айы 13 2019) 1383
Элчи Женгиз Камил Фырат
Элчи Женгиз Камил Фырат

Баракелде -  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айына карата уюштурган ооз ачыруу иш-чарасы нааразычылык менен коштолду. Социалдык түйүндөрдө тараган видеодо Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат нааразы болуп, иш-чаранын аягына чыкпай кеткенин көрүүгө болот.

«Мен кеттим..

Рамазан айында террорчуну (Орхан Инан тууралуу), элчини да чакырасыздар. Анда кайдагы муфтият? 35 млн долларга мечит куруп берсек, террорчу менен бир катарга коет. Фето террордук уюмунун башчысын мында кантип чакырдыңыздар? Айтып коёюн, Түркияны же террорчуларды тандайсыздар», - деп жолго чыккан элчинин артынан бир аздан кийин муфтий Максат Токтомушев чыгып, ресторандын ичине киргизүүгө аракет кылган.

Муфтияттын басма сөз кызматынын башчысы Максат Атабаевдин маалыматы боюнча, муфтий аракет кылганы менен элчи ооз ачууга катышпай кеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком