03:51, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмата—Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 9 адам каза болду

На русском
10:16, 13 бугу айы 2019 255

Баракелде -  Кечээ, 12-майда эртең менен Алмата—Бишкек унаа жолунун 109-чакырымында «Lada» менен «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 9 адам каза болгонун, анын үчөө аял кишилер экенин Алмата облусунун полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

«Каза болгон адамдардын өздүгү такталды. Алар — Алмата, Шымкент, Түркстан облусунун жашоочулары. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Lada» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай, каршы тилкеге чыгып, экинчи унаа менен кагышкан. Учурда аталган жол кырсык боюнча Казакстан Республикасынын Жазык кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тиешелүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки тергөө иши башталды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком