02:53, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азия өнүктүрүү банкы климаттык өзгөрүүдөн коргоо үчүн 80 млрд доллар бөлөт

На русском
10:14, 13 бугу айы 2019 162

Баракелде -  Азия өнүктүрүү банкы 2030-жылга чейин инфраструктуралык курулушка 80 млрд доллар коротууну пландап жатат. Бул Азия өлкөлөрүн климаттагы өзгөрүүлөрдүн таасиринен коргойт.

Япониялык Nikkei басылмасынын маалыматы боюнча, бул маселе Азия өнүктүрүү банкынын башкаруу кеңешинин отурумунда негизги тема болду.

Отурум 1-майдан 5-майга чейин өткөн. Жыл сайын өтүүчү жыйынга бул жолу 68 өлкөдөн финансы министрлери, борбордук банктардын өкүлдөрү чогулуп, Азияны өнүктүрүү жана финансылык кызматташуу маселелери талкууланды.

Басылманын маалыматы боюнча Тувалу (Тынч окендагы арал) өлкөсү суунун алдында калуу коркунучу бар.

«Бул арал суу алдында калуу коркунучу бар. Жылуу аба ырайынан Тынч окендагы суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Учурда Тувалу өлкөсү деңиз деңгээлинен 3,5 метр бийикте турат. Тез арада жээктеги райондорду коргогучтарды куруу керек», - деп айтылат Nikkei жарыялаган маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком