18:52, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ташкент, Бишкек жана Балыкчыны байланыштырган поездге билеттер сатыла баштады. Люкс вагон — 6,2 миң сом

14:07, 12 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 23:57, бугу айы 16 2019) 190

Баракелде -  Ташкент—Бишкек—Балыкчы—Бишкек—Ташкент каттамындагы поезд 6-июндан тарта жүрөт. Бул демилге Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен «Кыргыз темир жолу» жана «Өзбекстан темир жолдору» («Узбекистон темир йуллари») мамлекеттик ишканалары тарабынан ишке аша турганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Демилге транспорттук логистикада жагымдуу шарттарды түзүп берүү жолу менен туристтерди көбөйтүү максатын көздөйт.

Поезд Балыкчы шаарынан 7-июнда саат 23:29да (Бишкек убактысы) чыгат. Ал эми кайтуу багытында поезд 8-июнда саат 04:59да (Бишкек убактысы) жөнөп, Ташкент шаарына 9-июнда эртең мененки саат 05:00дө (Ташкент убактысы) жетет.

Поезд жумасына бир жолу каттайт деп пландаштырылып жатат. Ал Ташкент шаарынан бейшембиде чыгып, Балыкчы шаарына жума күнү жетет. Балыкчыдан ишембиде чыгып, Ташкент шаарына жекшембиде кайтат. Жолдо жүрүү убактысы — 25 саат 39 мүнөт.

Учурда Өзбекстандагы темир жол бекеттеринин кассаларында билеттерди сатуу башталды. Бир тараптагы билеттин баасы: плацкартка - 350 миң сум (41 доллар же Кыргыз Улуттук банкынын азыркы курсу боюнча 2860 сом), купеге – 440 миң сум (52 доллар же 3630 сом) жана люкс вагонго – 760 миң сумду (90 доллар же 6280 сом) түздү. Экинчи тараптагы билеттин баасы өзгөрбөйт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком