16:26, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Бишкекте 12 өлкөнүн маданияты тааныштырылып жатат

На русском
17:00, 11 бугу айы 2019 207

Баракелде -  Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарында Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн маданияты, тарыхы жана салты менен тааныштырган маданий-массалык иш-чара өтүп жатат. Аталган биримдикке мүчө болгон 12 өлкөнүн улуттук ашканасы тааныштырылып, ар кандай оюндар уюштурулду.

Бул иш-чарадан тышкары Европа биримдигинин Кыргызстандагы 10 долбоорунун көргөзмөсү, Венгрия тууралуу автордук сүрөт экспозициясы жана шоу-программа өттү. Иш-чара ыр-бий менен коштолуп, түстүү тасмаларды колдонуу менен сүрөт жаратуу боюнча мастер-класс уюштурулду.

Ал эми иш-чара Латвия, Эстония, Финляндия жана Кыргызстандын мыкты ырчылары катышкан концерт менен жыйынтыкталат.

«Бир жыл мурун "Европа кыштагын" ийгиликтүү өткөргөндөн кийин иш-чараны кайталоону чечтик. Кыргызстандыктардын Европага кызыгуусун көрүп жатабыз. Мындай иш-чаралар Европа тууралуу кызыктуу жана түшүнүктүү айтып берүүнүн оңой жолу», - деди Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр.

Маданий иш-чарага Австрия, Бельгия, Германия, Испания, Латвия, Словакия, Финляндия, Франция, Швеция, Эстония, Италия жана Венгриянын элчиликтеринин өкүлдөрү катышып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком