19:42, 7 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Кыргызстандык Каныкей Түркиядагы сулуулук сынагын жеңди

На русском
18:39, 10 бугу айы 2019 814

Баракелде -  Кыргызстандык Каныкей Айылчиева Түркия өлкөсүндө болуп өткөн сулуулук сынагын жеңип, Miss Universe Beauty-2019 аталды. АКИpress агенттигине маалым болгондой, Каныкей сынактан сулуулук, талант жана мода категорияларынан гран-приге ээ болгон.

Аталган фестиваль 1-майдан 8-майга чейин Түркиянын Аланья шаарында өткөн. Ал эми 2018-жылдын декабрь айында Россиянын Москва шаарында уюштурулган сулуулук сынагында Каныкей Айылчиева «Азиянын сулуусу» наамын утуп алып, «Аалам сулуусу» сынагына жолдомо алган.

Кыргызстандык кыз менен бирге аталган сынакка 30 өлкөдөн келген сулуулар катышты.

Сынактагы эл аралык калыстар Каныкейдин улуттук жана кече көйнөктөрүн, ошондой эле анын аткаруусундагы улуттук кара жорго бийин өзгөчө белгилешти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком