03:50, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өлкө башчы жаңы судьяларды дайындады (тизме)

На русском
20:20, 10 бугу айы 2019 154
Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жогорку сотко, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна бирден талапкерди, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна экиден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкерди — жалпысынан 13 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

6-майда мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент жергиликтүү сотторго 6 талапкер боюнча аталган кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 7 талапкер боюнча материалдарды Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 6 талапкери боюнча жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлык менен конституцияга ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 6 талапкер дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

- Жалал-Абад облустук сотуна — Чоноев Адилет Адамжанович;

- Чүй облустук сотуна — Мурзалиева Жыргал Нуржановна;

- Нарын облустук сотуна — Бакиров Кайридин, Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич, Мелсов Женишбек Мелсович, Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком