10:49, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — «Өлбөс полк» жүрүшүнө президент Сооронбай Жээнбеков чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп чыкты

На русском
10:24, 9 бугу айы 2019 (Жаңыланды: 14:45, бугу айы 09 2019) 508

Баракелде -  Жеңиш күнүнүн урматына борбордо өтүп жаткан «Өлбөс полк» жүрүшүнө президент Сооронбай Жээнбеков да кошулду. Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, мамлекет башчысы чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен чыкты.

Салтка айланган жүрүш миңдеген катышуучулар менен саат 10:00дө башталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын, чоң аталардын элесине таазим этүү менен бүгүнкү жүрүш алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арнала турганын белгиледи. Ошондой эле дүйнөдө тынчтык, элибизге ынтымак жана аманчылык болсун деп каалады. Бул акциядан кийин мамлекет башчысы Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышты.

Президент өткөн жылы дагы «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышкан болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком