10:46, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кеминде төлгөчү аялдар 79 жаштагы тургунду тоноп кетишкен

На русском
18:40, 8 бугу айы 2019 242
Шектүүлөр
Шектүүлөр

Баракелде -  Чүй облусунун Кемин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү аялдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

20-мартта Кемин РИИБге 79 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Жабырлануучу арызында төлгө салып берем деген сунуш менен анын ишенимине кирип, үйүнөн 42 миң сом жана 150 евро акча каражатын уурдап качып кеткен белгисиз эки аялга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кемин РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кемин РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, Токмок шаарынын жашоочулары — 44 жаштагы К.Д менен 58 жаштагы К.Ф кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Учурда милиция кызматкерлери кармалган аялдардын ушул сыяктуу кылмышка тиешесин тактап жатат.

Аталган аялдардан жабыркагандар болсо Кемин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын номуруна: 0 (702) 54-32-27, 0 (702) 51-98-06, 0 (0703)73-73-23 кайрылса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком