08:49, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чийки эт, бут кийим... Тыюу салынган буюмдар абакка кантип өткөрүлөт? (сүрөт)

На русском
13:36, 8 бугу айы 2019 346

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери түзөтүү мекемелери менен абактардын аймагына тыюу салынган буюмдардын кирүүсүнө жол бербөө максатындагы иш-чараларды жүргүзүп келет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Бирок ага карабастан абактагыларга жолугушууларга барган адамдар тыюу салынган буюмдарды ар түрдүү жол менен өткөрүп берүүгө аракет кылышат.

Мисалы төмөндөгүдөй жолдор менен ишке ашырылат:

- тамак-аш аркылуу;

- табигый ширелердин ичинде;

- бут кийимдин таманынын ортосунда;

- чийки эттин ичинде;

- дааратканага керектүү буюмдардын ичинде;

- жер-жемиштер менен спирт ичимдиктеринин ичинде.

Акыркы 3 айдын ичинде ЖАМК мекемелеринде 5475 тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда 130 миң сом, 638 уюлдук телефон, 97 литр спирт ичимдиктери, 121 литр брага (сыранын бир түрү), 426 даана учтуу (саюучу, кесүүчү) буюмдар менен 5 кг баңгизат алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком