03:12, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айдар Казакстанга барып, күйөө баласын бычактаган

На русском
12:41, 8 бугу айы 2019 212
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Айдарга (Т.А.И., аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Айдар 2011-жылдын 5-февралында Кыргызстандан Казакстандын Алмата облусунун Турген айылына барат. Ал жерде бир тууган карындашы күйөөсү Бек (А.Б.С., аты өзгөртүлдү) менен жашачу. Айдар Бектен 2010-жылы алган 2 миң доллар акчаны качан кайтарып бере тургандыгын сураган. Бекте акча жок болгондуктан мурун телефон аркылуу Айдар менен сүйлөшүп, карызынын ордуна өзүнүн «Ауди» автоунаасын берерин айтканда Айдар макул болгон. Бирок Бек унаасын кошунасына сатып, 3 миң долларды унаа расмий катталгандан кийин ала тургандыгын айткан.

2011-жылдын 6-февралында болжол менен саат 22:00дө Бек үйүнө таанышы менен барганда алардын ортосунда уруш чыккан. Айдар курткасынын жеңине катып алган бычагын алып чыгып, Бектин көкүрөк тарабына сайып, өзү качып кеткен. Бек ооруканага жеткирилип, оор жаракатынан улам каза болгон.

Жыйынтыгында сот Айдарды күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком