22:01, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Легендарлуу гандболчу Талант Дүйшөбаевдин жеңиштен кийинки бийи (видео)

На русском
12:30, 8 бугу айы 2019 444
Талант Дүйшөбаев
Талант Дүйшөбаев

Баракелде -  Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин «Виве Кельце» командасы (Польша) гандбол боюнча чемпиондор лигасынын финалына чыкты.

5-майда Дүйшөбаевдин командасы француздарга 26:35 эсебинде утулуп, бирок 2 матчтагы оюндагы эсепти 60:59 кылуу менен финалдык раундга чыгышты. Жеңиш менен аяктаган оюндан кийин Польшанын жеңүүчү клубунун машыктыруучусу Талант Дүйшөбаев кубанычын бий менен көрсөттү.

--------------------------------------

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 12-апрелинде Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшөбаев менен жолугушкан. Мамлекет башчысы Талант Дүйшөбаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирген болчу.

«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарлуу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком