00:03, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Сооронбай Жээнбеков кыргыз жана орус драма театрларына барды

На русском
15:05, 7 бугу айы 2019 242

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармачылык пландар, театрлардын абалы жөнүндө президентке театрлардын жетекчилери жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов айтып беришти.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков маалымдагандай, театр 1926-жылдын 2-ноябрында негизделген. Театрдын имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Акыркы жолу оңдоп-түзөө иштерине 2010-жылы 8 млн сом бөлүнгөн. Учурда имарат оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого 76 млн сомдон ашуун акча каражатына муктаж.

Мамлекет башчысы чыгармачыл жамааттын репетициясына күбө болду. Асылбек Өзүбеков театрда тапкан каражаттардан жылына алты спектаклдин бет ачары тартууланып, орточо эсеп менен жаңы спектаклди чыгаруу үчүн 2 млн сомго жакын акча каражаты жумшаларын айтып берди.

Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецовдун маалыматына караганда, театр 1935-жылы негизделген. Акыркы жолу 2016-жылы чатырын жабуу максатында ички каражаттан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан тышкары 2015-жылы бюджеттин эсебинен коомдук ажатканасын оңдоо ишине 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 1972-жылдан бери театрдын имараты капиталдык ремонт иштеринен өтө элек, материалдык-техникалык базасы эскирди. Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 114 млн сомдон ашуун акча каражаты керектелүүдө. Театр жылына 36 спектакль койсо, алардын ичинен алтоо жаңы спектаклдердин бет ачары болот.

Мамлекет башчысы эки театрдын имараттарын көрүп чыгып, алардын тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоону тездетиш керектигин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл коллективдерге ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн убада кылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком