19:59, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

4-кабаттан секирүүгө аракет кылган жаш кызды куткаруу (видео, сүрөт)

14:20, 7 бугу айы 2019 163

Баракелде -  Бишкек шаарында 4-кабаттан секирип түшүүгө аракет кылган жаш кыз куткарылганы маалымдалган. Анын өмүрүн куткаруучулар сактап калышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 7-майда саат 11:05де Ибраимов көчөсүндө жайгашкан (Москва көчөсү менен кесилишет) №42 көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кыз киши секирүүгө аракет жасап жатат деген маалымат «112» кызматы аркылуу түшкөн. Айтылган дарекке барган Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары үйдүн 5-кабатынан 4-кабатка түшүп, кыздын өмүрүн сактап калууга жетишти. Андан кийин жаш кыз 1-кабатка түшүрүлүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком