08:47, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ысык-Атадагы абактан 2 сейф жана телефондор табылды

На русском
13:56, 6 бугу айы 2019 258
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 түзөтүү абагында пландык тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө тыюу салынган предметтер табылды. Алар:

- 30 чөнтөк телефон, алардын ичинен тогузу иштебейт;

- 31 даана уюлдук телефонду кубаттоочу жабдык;

- 12 кулакка таккыч жана уюлдук телефон үчүн колдонулган 20 аккумулятор;

- 5 сим-карта;

- 1 литр сыра, 1 литр бензин;

- 53 саюучу-кесүүчү предмет;

- колго жасалган 5 жылыткыч жана 11 спираль;

- 2 темир сейф;

- 18 оюн картасы.

Иш-чарага ЖАМКтын 475 кызматкери жана 15 кызматтык ит катышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком