17:30, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекке гуманитардык дары-дармектер алынып келди (сүрөт)

На русском
10:54, 3 бугу айы 2019 194

Баракелде -  Бүгүн, 3-майда дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасында гуманитардык каражаттарды өткөрүп алуу иш-чарасы болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дары-дармек жана медициналык каражаттар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан акысыз берилди.

Меморандумдун алкагында алынып келген каражаттар керектөөлөр үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда пайдаланууга багытталган. Расмий маалыматта анын жалпы салмагы 1951 кг экени айтылат.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, планга ылайык дары-дармектер Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоочу профилактикалык уюмдарга бөлүштүрүлөт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком