18:48, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада кыргызстандыктардын волейбол турнири өттү

На русском
10:30, 3 бугу айы 2019 156

Баракелде -  28-апрелде Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын аймактык командаларынын арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул турнир кыргыз диаспорасынын Араван коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган турнир «Динамо» спорт сарайында өтүп, ага 18 команда катышкан.

Турнирдин жыйынтыгында ноокаттык команда 1-орунду алып, 50 миң рубль акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунга «Кара-Суу» командасы ээ болуп, 30 миң рубль алды.

3-орунга болгон беттеште аравандык команда «Кадамжай» командасын жеңип алды. Ошондой эле турнирдин жалпы байгеси 125 миң рубль болгон.

WhatsApp Image 2019-05-02 at 10.16.59 (1)

WhatsApp Image 2019-05-02 at 10.16.58

WhatsApp Image 2019-05-02 at 10.16.59

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком