08:41, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нарындыктар борбордогу тойканада инвестфорумга чогулушту (сүрөт)

17:10, 2 бугу айы 2019 1871

Баракелде -  30-апрелде Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде Нарын облусунан чыккан 400гө чукул чыгаан атуулдар, ишкерлер жана жогорку тепкичте отурган чиновниктер жолугушту. Аларды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов экинчи жолу чогултту.

Кабарчы билдиргендей, жалпы элдик демилгеге салып, аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн негизги максаты болгон.

Иш-чарага Жогорку Кеңештеги нарындык депутаттар Ч.Турсунбеков, А.Баатырбеков, Ж.Турускулов, А.Шыкмаматов, Ж.Мусабекова, экс-депутат Д.Ниязалиева, коомдук ишмер А.Салымбеков жана башка көрүнүктүү ишкерлер, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү бийликтин башчылары катышты. Инвестициялык форумда облустук бийликтин аткарган иштери жана аймактагы чыгаан ишкерлердин жардамдары тууралуу маалымат берилди. Анда ишкерлер тарабынан 2018-жылы 594 млн сомдун тегерегиндеги каражатка иштер жасалганы белгиленип, аны менен катар учурдагы ишке ашпай келе жаткан көйгөйлүү маселелер белгиленди.

Ал эми облустагы 5 райондун жетекчилери, шаар мэри жана район акимдери ар бир маселеге токтолуп, жеке ишкерлерден көмөк сурашып, дасторкон үстүндө акылдашты. Ошондой эле буга чейин көмөктөшкөн атуулдарга райондун жана облустун ардак грамоталары тапшырылып, алдыга бир нече амбициялуу максаттар коюлду.

2018-жылы Нарын облусунда ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан жалпысынан 594 млн 407 миң сомдук долбоорлор ишке ашырылса, эл аралык уюмдар тарабынан 622 млн 122,4 миң сомдук долбоорлор каржыланган. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 111 млн 388 миң сомдук иш аткарылып, республикалык бюджеттен 56 млн 152,8 миң сомдук жумуш жасалган. Ошондой эле жергиликтүү өнүктүрүү фондусунан 1 млн 659 миң сомдук долбоорлор ишке ашты.

2018-жылы «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» аталыштагы төртүнчү инвестициялык форумдун жыйынтыгында 100 млн 416 миң долларлык 5 инвестициялык долбоор боюнча меморандумга кол коюлган. Анын негизинде 39 ишкана, 15 социалдык объект, 31 тейлөө ишканалары курулуп, облус аймагында жаңы 4 парк уюштурулган.

Бул жылы да инвестфорумда көп ишкерлер ар тараптан колдоо көрсөтө турганын убадалашты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком